Тажикстан бөтөн элдин кийимин кийүүгө тыюу салды

Автор

Тажикстан бийлиги аялдар үчүн паранжа кийүүгө тыюу салды. Президент Имомали Рахмон 35 мыйзамга кол койгонун басма сөз кызматы маалымдаган. Мыйзамдын улуттук каада салтты сактоо, диний радикализмге жол бербөө, бөтөн улуттарга таандык болгон үрп-адаттарга тыюу салуу сыяктуу беренелери бар. Ал эми Өзбекстандын расмий бийлиги да, жүзүн ашыкча чүмбөттөгөндөргө чектөө киргизди. Мындан ары сакал коюу, паранжа жабынуу сыяктуу көрүнүштөр катуу көзөмөлдөнөөөрү билдирилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын аймагында сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын аймагында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди. Маалыматка ылайык, 24-25-июнь күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Мындан улам жарандарга сак болуу сунушталат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн