Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бишкекке келди

Автор

Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмонду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Тажикстандын Президенти Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Кортизол деген эмне? Эмне үчүн стресс гормону деп аталат?

Стресстүү кырдаалдардан тышкары, эртең менен ойгонгондо кортизолдун деңгээли эң жогору болот. Анда сиз сергип, энергияга толуп, жаңы күнгө оптимист болушуңуз керек. Күндүз чарчабаңыз – концентрация канааттандырарлык деңгээлде, ачкычыңызды же телефонуңузду кайда калтырганыңызды унутпаңыз. Кечинде, тынчтануу менен бирге, кортизолдун деңгээли дээрлик эки эсеге төмөндөйт жана денебиз мелатонинди өзүнө алат. Тез, максимум […]

Сизге жагышы мүмкүн