Тажикстандын Бустон шаарында Ташиев менен Ятимов жолугушту

Автор

Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан жана Тажикстан өкмөттүк делегацияларынын башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелерин талкуулашты жана Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторуна эки мамлекеттин чек ара сызыгын мындан ары тактоо боюнча иштерди улантуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришти.
Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Бөлүшүү:
Next Post

Иран Израилге 180 баллистикалык ракета учурду

1-октябрдын кечинде Иран Израилдин аймагына баллистикалык ракеталар менен массалык сокку урду. Израилдин бардык аймагында аба чабуулу жөнүндө сиреналар жаңырды. Израилдин бийлигинин маалыматы боюнча, Иран 180 баллистикалык ракета аткан. Курмандыктар жана кыйроолор жөнүндө азырынча маалымат жок. «Иран чоң ката кетирди жана бул үчүн жооп берет. Ирандагы режим биздин өзүбүздү коргоо жана […]

Сизге жагышы мүмкүн