23-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 02:07де Тажикстандын Кыргызстандын чек арасына жакын жерде күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Тажикстандын Рашт облусунун Новобад шаарында жайгашып, Дүйшөмбү шаарында 3-4 балл, Рашт районунда 4-5 баллга жеткен. Кыйроолор катталган жок.
Тажикстанда жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:53тө күчү 4,5 баллга жеткен дагы бир жер титирөө болду. Жер титирөөнүн очогу Новабад шаарынан 53 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан.