Сен мени сүйгөн чакта
эң курч элем,
тим эле Хан-Теңири, Эльбурс элем,
дарыя элем эни кенен,
деңиз элем,
кен элем абдан сейрек… эл издеген
сен мени сүйгөн чакта.
Эмичи? Дүйнөң башка…
Дөбөдөй басырылып, басырылып,
жыбылжыган булакка, чөөткө айландым,
турбастан сапырылып.
Жүрөктү сарсанаага: “Ме!” – деп коюп,
чачылдым ойго-тоого себеп болуп,
аларсың жыйнап кайра
бир күнү калсам дагы керек болуп….
***
Мен куу болсом сен экөөбүз
Айрылышмак эмеспиз.
Мен – айылмын бир дараксыз, терексиз –
кооз эмесмин,
баардык дүйнөм көрүнөө.
Эшик менен терезеси
жабылбаган үймүн мен –
Кимдер өтпөйт төрүмө!
Суумун тунук – жашыра албайм түбүмдү.
Булуту жок томуктай
чаңкай ачык асманмын –
Каталбаймын айымды,
жылдызымды, күнүмдү.
Аңылдаган талаамын –
жашыра албайм өңүм менен дөңүмдү,
Гүлдөрүмдү, тикенимди, чөбүмдү.
Мен куу болсом чытырман
токой болуп… өтө сырдуу шуулдап…
Көл үстүндө
Сен жоксуң,
Ошол түнү улуу көлгө
не деген жылдыз жаады… жылдыз жаады…
Ууртасам толкун сузуп кочушума
башкача суунун даамы… туздун даамы…
Көңүлүм сахнадай ачылды,
сен анда бийлеп жүрдүң ырдап коюп.
Ак куулар менден үркүп таң атырды.
Жанымды күн нуруна чырмап коюп,
термелип күтө бердим көл үстүндө…
Сен жоксуң.
Ошол күнү сулуу көлгө
не деген жамгыр жаады… жамгыр жаады…
Ууртасам миллион көз көбүктөрүн,
акетай, балдын даамы… балдын даамы…
* * *
Желбиребей турса эгер менин туум
желбиретпе сен жел болуп,
желбиретсин табийгат,
мезгил ыргап сайсын бийик чокуга!
Туум жыртылса күн нурунан тез оңуп,
мезгил жыксын,
мезгил жыксын, зар ыйлап…
Мен келемин ырдан бүткөн туулардын
көлөкөсү чыйрыктырып сезимди,
сүрдөтмөксүң жылдызды да, күндү да
туумдан тапсаң өрттөн алоо кезимди.
Бопбоз болуп онсо эгер менин туум
жүрөк жарып боёбогун кызылга,
тилектерим жашай берет жалп этпей
башка акындын балбылдаган ырында.
Мен тиккен туу көпкөк да эмес, ак да эмес,
сапсары эмес, башка элес!
Уккум келбейт балдан таттуу сөздөрдү!
Нелер таттуу? Нелер ыйык?
Таттуу – күндүн нурлары.
Таттуу абдан – мезгилердин сыноосу!
Туулар ыйык – жыртылбаган ызгаарда!
Ырлар ыйык – соккуларга чыдоочу!