Таанымалдардын тайкы тагдырлары

Автор

Биздей өлкөлөрдө европалык атактуулардын өмүр таржымалы анча белгисиз. Бирок, алар европалык болгону үчүн бааланышат. Ким эмне чиймелесе, сөзсүз европалык кайсы бир атагы таш жарган адамдардын сөздөрүнөн цитата келтиргенди адатка айландырып алышкан. Арийне, ал адамдардын айрымдары үй-бүлө институтунан түшүнүгү болгон эмес.
Ошондой таанымалдардын айрымдарын сиздер үчүн даярдадык.
– Немис философу Иммануил Кант өмүрү боюнча үйлөнбөдү. Ал көңүлүндөгүсүнө эч качан жолукпаганын айтып жүрдү. Кант үчүн акыйкат асманда эле.
– Декарт алгачкы жыныстык катнашын өзүнүн үй кызматчысы менен жашады. Никесиз байланышынан бир кызы дүнүйөгө келди бирок, 5 жашында көз жумду.
– Немис философу, ойчул жана акын Фридрих Ницше аягы суюк аялга ашык болду. Сот 41 жашында зына кылганы үчүн Римден кууду.
– Немис философу Артур Шопенгауэр жалгыз башына жашап, бактысыз адам катары өлдү.
– Британиялык философ Бертран Расселл 3 жолу үйлөнүп, 3 жолу ажырашты.
– Америкалык жазуучу Айн Рэнд күйөөсү бар туруп, өзүнөн 25 жаш кичүү бирөө менен ойнош болду.
– Франциялык философ Альбер Камюнун аялы морфин кумарына тутулду. Эрте баштаган романтикалык сүйүүлөрү эрте соңуна чыкты.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө 23,9 млн сом бөлүнөт

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы №2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн сметасын бекитти. БШКдан маалымдашкандай, сметанын суммасы 23 млн 934 миң сомду түздү. Чыгымдар сметасында тѳмѳндѳгү чыгашалар эсепке алынган: – 11 778,0 миң сом – […]

Сизге жагышы мүмкүн