Таалай Сарбашов:”Дааратканадан банясына чейин ТЭЦке коштуруп алышкан”

Автор

Кээ бир аймактардагы хансарайлардын борбордук жылуулукка кошулуп алганын Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов көтөрүп чыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-октябрдагы парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
“Алар керек болсо, туалетин, банясын коштуруп алышкан. Ош жана Бишкек шаарларынын жетекчилери аларды тактап туруп, тез арада кыркыш керек. Биз өз кезегинде бул боюнча катуу иш алып барганбыз. Кээ бир жетекчилер кызматтан кетишкен. Мынтип, мамлекеттин эсебинен айрым жеке менчик үйлөрдү же, хансарайларды ысытып бергенибиз туура эмес”,- деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖК төрагасы Нурдан Орунтаевди какты

“Эркелебей жөн жүрүңүз. Кыргызда сөз бар, “эркелесең эркеле, бирок, чалжыңдаба”-деген. Ар бир бийликтин учурунда эрке балдар болгон. Бирок, алардын тагдыры аянычтуу болгон. Эсиңизге келиңиз”,-деди төрага Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинин төрагасы Нурдан Орунтаевге. “Бүгүнкү жыйынга да келбей, өзгөчөлөнүп, чакыртылып келесиз. Жөн жүрүңүз, депутаттарга акыл үйрөтпөй”,- деп какты ЖК төрагасы. […]

Сизге жагышы мүмкүн