Таалайбек Сарыбашов үйүнөн чыгарылган тургундардын маселесин көтөрдү

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов Сүйөркулова көчөсү 146/1 дарегиндеги үйдөн өткөн жума чыгарылган тургундардын маселесин көтөрүп, “кычыраган кышта жарандарыбызды талаага таштаганыбыз болбойт. Аларга жардам беришибиз керек”,- деп билдирди.
Учурда алардын бараар жери жок экенин, кыш өткөндө деле чыгарса болоорун, эми жаз келгенге чейин жардам берүү маселесин кароо сунушун берди. Ушул эле маселени депутат Дастан Бекешов көтөрүп, эмне үчүн өз убагында мамлекеттик кызматтар көңүл бурган эмес деп сурады.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат министрлер кабинетин сындады

Жер титирөөнүн алдын алуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынтыгы чыкпай жатат. Бул тууралуу парламенттин бүгүн, 6-марттагы жалпы жыйынында депутат Улукбек Ормонов билдирди. “Өткөн жылы жер титирөөнүн алдын алуу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Бир жыл өттү, ал комиссиянын жыйынтыгы дагы деле чыга элек. Министрлер кабинетинин бул боюнча чечимдери таң калаарлык […]

Сизге жагышы мүмкүн