Таалайбек Сарыбашов: “Каражатты эскерүү иш-чараларына жумшабай, маданиятты көтөрөлү”

Автор

“Өнүгүп жаткан мамлекет сөзсүз өзүнүн маданиятын колдош керек. Бирок, белгилүү коомдук жана саясий ишмерлерди эскерүү иш – чараларын өткөзүүнү 100,150 жана 200 сыяктуу так даталарга өткөзбөйсүздөрбү”,- деген сунушун айтты депутат Таалайбек Сарыбашов маданият жана маалымат министрине.
Ал эскерүү иш – чараларын өткөрүүдө мамлекеттик кызматкерлерди кыйнобоого жана чыгымга учуратпоого чакырды. “Андан көрө, жакшы каражат бөлүнүп атканда маданият үйлөрдүн абалын жакшыртып, материалдык жана техникалык базаңарды чыңдап алгыла”,- деди депутат.
Белгилүү болгондой, 2024-жылы Маданият жана маалымат министрлигине 3 млрд сом бөлүнүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жусуп Коргонбай уулу: “Тууну оңдоп, түзөөдөн эч нерсе болбойт”

Бүгүн, 19-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи окууда карап жатат. Жыйында депутат Жусуп Коргонбай уулу туунун авторлоруна кайрылып, “башында ката кетиргенсиңер. Бизди ызы-чуу кылбай эле туунун өңүн көк кылып, илбирстин сүрөтүн түшүрүп койсоңор болмок. Бензин […]

Сизге жагышы мүмкүн