Россия Беларуссияга С-400 зениттик-ракеталык комплекстеринин кезектеги топтомун жеткирди. Беларуссиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, жакынкы арада комплекс күжүрмөн кызматты аткарат.
Абадан коргонуу системаларын жеткирүү эки өлкөнүн ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында ишке ашырылды.
Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко 2022-жылдын декабрында россиялык С-400 жана Искандер ракеталык комплекстери ишке киргизилерин жарыялады.