Сүйүн Өмүрзаков: “Баткен коогалаңында омурткасынан 2 ок жеген кызматкерибизди апасы жуундурат экен”

Автор

Кызмат учурунда же, ата мекендик милдеттерин аткарып жатып денесине оор жаракат алгандар боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков маселе козгоп, алардын көйгөйлөрүн жоюу боюнча өкмөткө протоколдук тапшырма берди. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 24-октябрда парламенттин жалпы жыйынында айтып чыкты.
“Алардын ден соолугун калыбына келтириш үчүн көп убакыт талап кылынат экен. Дары – дармектер да кымбат, 30 миң сом пенсия жетпейт. Маселен, Баткен коогалаңында омурткасынан 2 ок жеген кызматкерибизди апасы жуундурат экен. Кандай аянычтуу. Мындайлар аз эле, көп болсо, 10 чакты. Өкмөт пенсиясын көбөйтүп, психолог бөлүп берип, көңүл бурса, жакшы болот эле”,- деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Медербек Сатыев Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров Медербек Сатыевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы болуп дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, Жогорку соттун төрагалыгына 2022-жылдын февраль айында дайындалган Замирбек Базарбеков 9-октябрда өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Анын ордуна Соттор кеңеши Медербек Сатыевдин […]

Сизге жагышы мүмкүн