Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова Дүйнөнүн  үчүнчү жолу дүйнө чемпиону болду

Автор

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону аталды.

Тыныбекова 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине 62 кг чейинки салмак чен бирдигинде 1/16 финалдык баскычтан тарта катышты.

Аталган беттеште Тыныбекова польшалык, молдовалык, украиналык жана германиялык балбандарды артта калтырып, финалга өткөн.

Финалдык беттеште кыргыз балбаны япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашып, аны 4:1эсебинде жеңип, алтын медалга татыды. Айсулуу Тыныбекова буга чейин Дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон.

Белгилей кетсек, аталган чемпионатта 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда. Ошентип, Тыныбекова Олимпиада оюндарына дагы жолдомо алды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 22-сентябрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 88.65 сомдон  болсо, сатуу  88.76 сомго  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 88.71 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн