Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова Венгриядагы мелдеште алтын утту

Автор

Айсулуу Тыныбекова Венгрияда өтүп жаткан эл аралык рейтингдик мелдеште алтын медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык спортчу Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин 1/16 финалынан баштап катышты.

Кыргыз балбаны катары менен 4 жеңишке жетип, алтын үчүн кармаша болгариялык спортчу Биляна Дудова менен күрөшүп, жеңишти 2:1 эсебинде илип кетти.

 

Белгилей кетсек, Кыргызстандын эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрү Венгриянын Будапешт шаарында 13-16-июль күндөрү өтүп жаткан “Polyak Imre & Varga Janos Memorial” эл аралык рейтингдик мелдешине катышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Дан эгиндеринин айдоо аянты 1,2%га өстү

Дан эгиндеринин айдоо аянты (буурчак, күрүч жана кара күрүчтү кошпогондо) өткөн жылга салыштырмалуу 7 миң гектарга, же 1,2%га көбөйүп, 585,4 миң гектарды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. Маалыматка ылайык, быйыл 232,1 миң гектар аянтка буудай эгилген, бул 1,6 миң гектарга, же 0,7%га аз. Арпа 239,2 миң гектар аянтка […]

Сизге жагышы мүмкүн