“45 тонна алтын бар экени айтылып жатат. Элдер камсанабай жашай берсе болобу? Сырткы карыздан кутулууга мүмкүнчүлүк барбы”, – деп сурады депутат Мирлан Самыйкожо. Ага Министрлер кабинетинин орун басары Бакыт Төрөбаев “ооба, 45 тонна алтыныбыз бар. Аны долларга айландырсак 3 млрдга жакындайт. Бирок, сырткы карызды бир күндө жаап салып, эмне кереги бар”, – деп жооп берди.
Өткөн жумада алтын боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия Улуттук банктан алтын резерви боюнча маалымат алып, “чынында алтын бар экен”,-деп билдирүү таратышкан.