Жоюлуп кеткен Финансылык полиция кызматынын акыркы төрагасы Сыймык Жапыкеев ден соолугуна байланыштуу саясаттан четтеп, кол өнөрчүлүк менен алектенүүдө. Өзү маалымдагандай, кант диабет оорусу 16га көтөрүлүп, ден соолугу начарлап кеткен. “Достор, мен устачылыкка берилдим. Эрмегим ушул кол өнөрчүлүк, нервимди эс алдырат. Догдур эжелерим урушуп, диетага отурдум”,- деп жазган социалдык тармактагы баракчасына.