Суу ташкынынан каза болгондордун саны 95ке жетти

Автор

Испаниядагы суу каптап, 95 адам каза болду. Буга байланыштуу 31-октябрдан 2-ноябрга чейин үч күндүк аза күтүү жарыяланды.
El Pais басылмасынын маалыматына ылайык, 30-октябрга караган түнү Валенсиянын ондогон тургундары унааларда жана суу каптаган имараттардын чатырларында түнөшкөн. Жабыркагандардын жана дайынсыз жоголгондордун так саны белгисиз.
Валенсияда суу каптоонун кесепеттерин жоюу үчүн 1116 куткаруучу, 344 транспорт каражаты, анын ичинде тик учактар жана учактар, 200 аскер жана 750 гвардиячы, ошондой эле жүзгө жакын полиция кызматкери иштеп жатат.
29-октябрда өлкөнүн чыгыш жана түштүк аймактарына жааган катуу жаан-чачындар суу каптоого себеп болгон. Суу ташкындары темир жолдорду жана автомагистралдарды бузуп, Мадрид менен Валенсиянын ортосундагы темир жол каттамдары токтотулган. Электр жарыгы 115 миңге жакын тургунга жетпей калган.

Бөлүшүү:
Next Post

Эртең Кыргыз милициясына 100 жылдыгы Ала-Тоо аянтында белгиленет

Эртең, 1-ноябрда Бишкекте Ала-Тоо борбордук аянтында Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине байланыштуу күндүзү парад, кечинде майрамдык концерт болот. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Парад УТРКнын телеканалында онлайн режиминде көрсөтүлүп, бардык жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылат. Кечки концерттик программада ички иштер органдарынын кызматкерлеринин “Ыр Кесе” музыкалык сынагынын жеңүүчүлөрү жана лауреаттары болушат. […]

Сизге жагышы мүмкүн