Суу ташкынынан болгон зыян жылына 50 миллиард долларды түзөт

Автор

Дүйнө жүзү боюнча бир жарым миллиард адам же дүйнө калкынын бештен бир бөлүгүн суу каптоо коркунучу бар. Табигый кырсыктардан дүйнөлүк экономикалык жоготуулар жыл сайын болжол менен 50 миллиард долларды түзөт. Мындай маалыматтар британиялык Nature илимий журналында жарыяланды.
Авторлордун айтымында, акыркы жылдары дүйнөдө климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу табигый кырсыктардын саны кыйла өскөн. Өткөн жыл көптөгөн өлкөлөр үчүн катуу суу ташкындары менен эсте калды.
2023-жылдын жазында Италия акыркы жүз жылдагы эң күчтүү селди башынан өткөргөн. 20 миңден ашуун адам үй-жайсыз калды. Ал эми Ливиянын чыгышындагы сел 4 миңден ашуун адамдын өмүрүн алды.

Бөлүшүү:
Next Post

Жалал-Абад санаторийи мамлекеттин карамагына өттү

Жалал-Абад санаторийи мамлекеттин карамагына өтүп, жаңы жетекчиликке курортту заман талабына ылайык өнүктүрүү тапшырмасы коюлду. Бул тууралуу президенттин иш башкармасы Каныбек Туманбаев билдирди. Ал бир кылымдан ашык кызмат кылып келе жаткан курорт жаңыланууга муктаж экендигин айтты. “Ошентсе да профсоюздар федерациясынын башка мүлктөрүнө салыштырмалуу абалы жакшыраак экени байкалат. Биринчи кезекте курортто санариптештирүү […]

Сизге жагышы мүмкүн