Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматына 115 атайын техника сатып алынат. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.
Былтыр техника сатып алуу үчүн 1 млрд сом каралган болсо, анын 200 млн сому былтыр берилген. Ал эми быйылкы жылдын эсебинен 366,7 млн сому бөлүнөт. Келерки жылдарга калган 433,3 млн сому берилээрин аталган министрликтен маалымдалды.
Бөлүнгөн каражатка жүктөгүчтөр, экскаваторлор, тракторлор жана саркынды сууларды тазалоочу 11 техника алынат.