Быйыл жыл башынан бери айрым социалдык маанилүү товарларга карата баалар төмөндөдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кум шекер 4,3%га, 1-сорттогу ун 8,8%, тазартылган күн карама майы 14,1%га төмөндөгөн. Ал эми күн карама майына карата баалардын төмөндөшүнүн негизги себеби Министрлер кабинетинин кошумча нарк салыгын 0%га түшүргөнү, экспорттук баалардын төмөндөшүнө тийешелүү экендиги айтылды.