Казакстандын суу ташкынынан жабыркаган аймактарында 11-апрелге карата 97 852 адам эвакуацияланды. Анын 32 856сы балдар экенин республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, ушул саатка карата убактылуу жайгаштыруу борборлорунда 7173 адам болсо, анын ичинен 3494ү балдар.
2024-жылы Казакстанда жазгы суу ташкындары боюнча татаал кырдаал түзүлүп, 10 облуста өзгөчө кырдаал жарыяланган. Өзгөчө Актөбө, Акмола, Атырау, Түндүк Казакстан, Батыш Казакстан, Костанай жана Павлодар облустары катуу жабыркаган. Учурдагы суу ташкындары акыркы 80 жылдагы эң катаалы болуп саналат.