Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Катарда өтуп жаткан спорттун суу түрү боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу КР Сууда сүзүү федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ 50 метрге брасс сүзүү боюнча жарыш жыйынтыкталып, Петрашов жарым финалга өттү.
Спорттун суу түрү боюнча Дүйнө чемпионаты – 2024 — Эл аралык сууда сүзүү федерациясынын колдоосу астында Дохада 2-февралдан 18-февралга чейин өтүүдө.
Шар Фев 14 , 2024
Кыргызстанда аба ырайы -25°C чейин төмөндөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратты. Синоптиктердин маалыматына таянсак, 16-февраль күндүз жана 17-18-февраль күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 16-февралда күндүз жана 17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 17-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили […]