Суучулдар Ысык-Көлдүн түбүн тазалоону улантууда

Автор

Суучулдар Ысык-Көлдү үч айдан бери  тазалап жатышат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, соңку бир апта ичинде Бостери айылындагы “Золотые пески”, Чолпон-Ата шаарындагы “Лагуна” “Голубой Иссык-Куль”, Ч.Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий комплекси , Бактуу-Долоноту айылындагы “Ден-соолук, “Каприз” пансионаттарынын аймагындагы көлдүн түбү тазаланды.

Учурда ӨКМдин суучулдары көлдүн түбүн таштандылардан тазалоону улантууда. Ал эми 12-марттан тарта жалпы Ысык-Көлдүн акваториясынын 211 2254,59 гектар аянты тазаланып, суу астынан 7505 кг таштанды, 96 000 метрге жакын балык уулоочу тор чыгарылды.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Путин элине жана "Вагнердин" жоокерлерине кайрылды

Россиянын президенти Владимир Путин ишемби күнкү өлкөдө Евгений Пригожин баштаган козголоң аракетинен кийин элине кайрылуу жасады. “Бүгүн мен дагы бир жолу Россиянын бардык жарандарына кайрылам. Сабырдуулугуңуз, тилектештигиңиз жана мекенчилдигиңиз үчүн рахмат. Бул жарандык тилектештик ар кандай ички башаламандыктарды жаратуу аракеттери ийгиликсиз болоорун көрсөттү. Бардык деңгээлдеги коомдун, аткаруу жана мыйзам чыгаруу […]

Сизге жагышы мүмкүн