Адамдын денесинин 60 пайызы, ал эми жаш жеткинчектердики 75 пайызы суудан турат. Суу көптөгөн ооруларды алдын алат. Канды суюлтуп, зат алмашууну жакшыртат. Денедеги уулуу заттарды (токсиндерди) сыртка чыгарып турат. Денени жана терини эрте картайып кетүүдөн сактайт. Мээнин жакшы иштеп берүүсүн камсыздайт. Денеге күн сайын 3 же, 4 литр суу талап кылынат.
Сууну туура ичүүнүн эрежеси:
- Эртең менен турганда 400 гр жагымдуу сууну шашпай, 3 ууртам менен отуруп ичилет.
- Тамактануу учурунда ичилген суу пайдасыз. Аны тамактан 2 сааттан кийин ичүү зарыл.
Окурмандарга маалымат берген Doktor Abylaev.