Супер тайфундун курмандыктарынын саны 50дөн ашты

Автор

Вьетнамдагы “Яги” супер тайфунунун курмандыктарынын саны 50дөн ашты. Кырсыктан 230 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканаларга кайрылды. Жабыркагандардын көбү Куанг Нин провинциясында.
Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, табигый кырсыктан 110 миң гектар күрүч талаасын суу каптап, миңдеген бак-дарактар ​​кыйылган. 8 миңден ашык үй жабыркаган. Каттамдар токтотулду, мектептер жабылды. Тропикалык циклондун кесепеттерин жоюуда жарым миллион аскер кызматкерлери иш алып барууда. Элди көчүрүү иштери жүрүп жатат.
Бийликтер супер тайфунду тарыхтагы эң күчтүү деп атады.
Вьетнамга сокку урганга чейин Яги Кытайдын түштүк провинцияларында жана Филиппинде болду. Бул өлкөлөрдө жалпысынан 24 адам көз жумган.
Окумуштуулар климаттын өзгөрүшү тайфундарды жана бороондорду күчтөндүрүп жатканын эскертишүүдө. Алардын айтымында шамалдын ылдамдыгы океандагы суунун жылыганы менен байланыштуу.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда орточо айлык акы канча экени айтылды

Чакан ишканаларды эсепке албаганда, 2024-жылдын январь-июль айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 35 миң 621 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Анын айтымында, көрсөткүч 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11,1%га өскөн. Ал белгилегендей, эмгек акынын эң көп өсүшү дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк […]

Сизге жагышы мүмкүн