Султан Раев партия лидерин сыйлады

Автор

Түрксой уюмунун башкы катчысы Султан Раев Түркиядагы Улуттук аракет партиясынын лидери (MHP) Девлет Бахчелини “Ахмед Жевад” атындагы даңк медалы менен сыйлады. Сыйлоо аземине Ахмед Жеваддын үй- бүлө мүчөлөрү Нижат Эмируулу Гулиев, Анар Ахунзаде, Мехин Бану Гулиева жана Йылмаз Ахунзаделер катышышты.
Түрк дүнүйөсүнүн белгилүү акыны, Азербайжан улуттук гимнинин автору Ахмед Жевад 1920-1930-жылдардын көрүнүктүү коомдук ишмер катары таанылган. Ал 1937-жылы Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон. Девлет Бахчели анын өмүр жолунан кеп козгоп, “Ахмед Жеват улутун сүйгөн уулдардын көңүлүндө өзүнүн тахтын курган акын эле”,- деп эскерди.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 6-майга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 88.7 сом болсо, сатуу 89.6 сом болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 88.68 сом деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн