Султан Раев Европанын табигый илимдер академиясынын академиги болду

Автор

Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султанбай Раев Европадагы табигый илимдер академиясынын академиги болду. Бул тууралуу аталган академиянын сайтына жарыяланды.
Европадагы табигый илимдер академиясы бүткүл дүйнөдөгү илимий, интеллектаулдык, маданий жана гуманитардык тармактарды бириктирет. Штаб-борбору Германиянын Ганновер шаарында жайгашкан. Уюмдун курамына дүйнөлүк маданият жана искусство өкүлдөрү, гуманитардык, так илимдерге, билим берүүгө жана маданиятка салым кошкон тарыхый инсандар кирет.
Академик жана ЕАЭБдин анык мүчөсү наамын тапшыруу аземи 18-октябрда боло тургандыгы такталды.
Султан Раев Кыргызстандын көрүнүктүү адабият ишмерлеринин бири. Мамлекеттик иштер менен катар чыгармачылык менен алектенип келет. Раевдин чыгармалары ар кайсы тилдерде басылып чыгып, Азия менен Европада таанылган.
Белгилей кетсек, Кыргыз жазуучусунун “Топон” романы Швецияда өткөн эл аралык адабий сынакта баш байгени алган. Ал ошондой эле Генрик Сиенкевич атындагы адабий сыйлыктын лауреаты. Анын “Ханышанын ыйы” драмасы 2016-жылы Лондондогу Space театрында коюлган.
2002-жылы Султан Раев ханышасы Елизавета IIнин жеке чакыруусу менен Букингем сарайында сыйланган. 2023-жылы анын «Кара» романы венгр тилинде жарык көргөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Мурдагы билим берүү министрине 1,5 миллион сом айып салынды

Сот экс-билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевге 1,5 миллион сом айып салды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка ылайык, мурдагы чиновник КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча күнөөлүү деп табылды. Айып пулдан тышкары үч жылга мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылды. Алмазбек Бейшеналиев шаардык сотко […]

Сизге жагышы мүмкүн