Белгилүү журналист Жылдыз Муслимованын бул жумада жарык көргөн автордук көрсөтүүсүнүн коногу “Ыйман Нуру” фракциясынын депутаты Султан Айжигитов болду. Ал маегинде “Кыргызстанды бутуна тургузуп койууга 5 жыл эле убакыт керек. Анткени, кыргыз андайга даяр эл, жоокер, аймагы жана дарамети ага жетет. Эң негизгиси, эл башчысы кайраттуу жана сабаттуу болушу керек”,- деген. Жылдыз Муслимова маектешин кыргыз мыйзамдары, өнүгүүнүн жолдору, мамлекеттик башкаруу, тышкы саясат жана кандайча депутат болуп калганы туурасында кепке тарткан.