Султан Айжигитов каршы чыккан мыйзам долбоорун ЖК комитети жактырды

Автор

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырып, эки депутаттын талаш-тартышына чекит койду.
Мыйзам чет элдик жарандарга Ысык-Көлдөгү рекреациялык объекттерди (имарат) менчикке сатууга ал эми анын алдындагы жер ижарага гана берилээрин шарттайт.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар Балбак Түлөбаев, Элмурза Сатыбалдиев жана Бактыбек Сыдыков.
Өткөн жумада бул мыйзам доолборуна каршы чыккан депутат Султанбай Айжигитов аталган документ чет элдик жарандарга имаратты гана эмес, жерди да сатууга жол ачыларын айтып, депутат Балбак Түлөбаевди мамлекетти сатып жатасыңар деп айыптаган. Натыйжада, парламентте эки депутаттын чыры орун алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанын икаясы: Сүйүү жөнүндө

– “Жактыруу” менен “Сүйүүнүн” айырмасы эмнеде? – Гүлдү жакшы көргөндө үзөсүң. Бирок гүлдү сүйсөң, аны күн сайын сугарып турасың. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн