Бийлик түз жүрүшү керек. Ошондо, криминал жолобойт. Мындай пикирин депутат Султан Айжигитов билдирди. “Мурдагы бийликтер буларды шайлоолордо колдонуп, шайлоо бүткөндөн кийин булардын анча мынча иштерине көз жумуп келген. Укуктук, өнүккөн мамлекет куралы десек өлкөнү криминалдардан тазалашыбыз керек”,- деди ал.
УКМКнын криминал менен болгон күрөшүн депутат Жанар Акаев колдоп, атайын кайрылуу менен чыкты. Ал кайрылуусунда “кылмыш дүйнөсү менен күрөшүп жаткан өлкө жетекчисин жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди колдойм жана жардам берүүгө даярмын. Криминалдар менен баарыбыз күрөшүшүбүз керек”,- деген.