“Сулайман –Тоо” мечити оңдоп – түзөөдөн өттү

Автор

Оштогу “Сулайман –Тоо” мечити арабдар жана элдин колдоосу менен 2012-жылы 5000ден ашуун адамга ылайыкташтырылып курулган. Быйыл курулганына 12 жыл убакыт болду. Бул мезгил аралыгында мечиттин айрым бөлүктөрү иштен чыккан. Кээ бир жерлери талапка жооп бербей калган. Мындан улам “Сулайман -Тоо” мечитин оңдоп түзөө муктаждыгы келип чыккан. Жамаат демилге көтөрүп, министрлер кабинетинин төрага орун басары Камчыбек Ташиев демилгени колдоп, Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев ишке ашырып, мечит кайрадан оңдоп, түзөөдөн өткөрүлдү. Мындай жакшылык ишке катышкан башта Камчыбек Ташиевге, Алишер Козуевге, Ош шаарынын кээ бир муниципалдык кызматтарына, усталарга мечиттин жамааты ыраазычылык билдиришти.
Мечитти оңдоп, түзөөдө эбегейсиз эмгек жасалганын, эң алгач, суу түтүкчөлөрү тартылып, жылуулук системасы орнотулганын, даараткана түп тамырынан кайрадан оңдолгонун, суу кетүүчү түтүкчөлөрү алмаштырылганын жаңыдан брусчаткалар басылып, айрым жерлерине асфальт төшөлгөнүн демилгени ишке ашыргандардын бири Бекмурза Кушбаков маалымдады. Ошондой эле арыктар орнотулуп, мечиттин ичи жана сырты толук оңдоп, түзөөдөн өткөрүлгөн. Эски терезелери пластик терезелерге алмаштырылган. Жашылдандыруу максатында бак дарактар тигилип, айлана тегерегин жарыктандыруу менен 5 даана купола орнотулган жана микрофон, камера жайгаштырылган. 3 очогу менен ашкана курулганы да белгилүү болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Рафах шаарында байланыш жана Интернет өчтү

Израил бийлиги Газа тилкесинин түштүгүндө Египет менен чек арага жакын жайгашкан Рафах шаарында байланышты жана интернетти өчүрдү. Израил армиясынын артиллериялык жана абадан сокку уруусунан улам байланыш жана интернет үзүлгөн. Al Jazeera телеканалынын маалыматына караганда, Израилдин коргонуу күчтөрү Рафахтын түштүк жана батыш аймактарында текшерүү иштерин жүргүзүп, шаардын борборундагы турак жайларды бомбалап, […]

Сизге жагышы мүмкүн