Сулайман-Тоого кирүүчү жолдор убактылуу жабылды. Себеби

Автор

Сулайман-Тоого кирүүчү жолдорубактылуу жабылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, соку эки күндөгү нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин Сулайман-Тоонун түштүк тарабындагы туристтик жолдорго таш кулап, сел жүргөн. Анын кесепетинен тоодогу туристтик жолдорду, Үңкүр музейин тазалоо иштери жүргүзүлө баштады. Буга байланыштуу туристтик жолдор менен Үңкүр музейи көрөрмандар үчүн жабылды.
“ӨКМ тарабынан мониторинг иштери жыйынтыкталып, коопсуздук камсыздалгандан кийин музей комплекстин иштөө режими калыбына келтирилет”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна барат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Талас облусуна бир күндүк жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Мамлекет башчысы Талас шаарынын аэропортунун жана Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын имаратынын ачылыш аземине катышат. Ошондой эле президент Садыр Жапаров «Бала-Саруу» ГЭСинин ачылышына катышат. Анын расмий ачылышы УТРКнын, […]

Сизге жагышы мүмкүн