Сулайман Кайыпов 70 жашта

Автор

Кыргыз элинин белгилүү уулу,  фолклор таануучу, этногрaф жана адабиятчы Сулайман Кайыпов 70 жашка чыкты.

Түрк тилдүү жана башка элдердин ортосунда данакерлик кызматты өтөп келаткан манас таануучу,  диалектолог, сөздүкчү, түрколог агайыбыздын  мааракесине байланыштуу  9-10-ноябрь күндөрү Улуттук илимдер академиясында жана Улуттук Университетте  Эл аралык симпозиум болуп өтөт.

Ал 1997-жылдан кийинки дээрлик он жыл ичинде Ала-Тоодон Түркияга аттанып, Чыгыш Анатолиядагы Ван шаарындагы Жүзүнчү Жыл университетинде Гуманитардык жана табигый илимдер факультетинин Түрк тили жана адабияты бөлүмүндө профессор болуп иштеп, “Түрк элдик оозеки чыгармачылыгы”, “Жаңы түрк жазуу тилдери”, “Түрк баатырдык жомоктору”, “Жомок поэтикасы”, “Текстология негиздери”, “Түрк тилдеринин салыштырма грамматикасы”, “Кыргыз тили”, “Казак тили” жана “Өзбек тили” сабактарынан дарстар окуган.

Сулайман Кайыпов филология илимдеринин кaндидaты, тaрыx илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

Бөлүшүү:
Next Post

ХАМАС БУУну Газадагы ооруканаларга чакырды

ХАМАС уюму БУУнун баш катчысы Антонио Гуттерешти Газа тилкесиндеги ооруканаларды текшерүү үчүн эл аралык комитет түзүүгө чакырды. Бул Израилдин Коргоо күчтөрүнүн баш калкалоочу жай үчүн имараттарды пайдалануусу тууралуу маалыматын төгүнгө чыгаруу үчүн зарыл дешет. ХАМАС анклавдагы бардык ооруканалар маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын баруусу үчүн ачык экенин билдирди. […]

Сизге жагышы мүмкүн