Сузак районунда битум чыгарган завод ишке кирди

Автор

Бүгүн, 30-августта Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Эгемендүүлүк күнүнө карата президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Сузак районунун Барпы айылында “ОРИС НПЗ” ЖЧКсынын чийки мунайды кайра иштетүүчү заводу ишке берилди.
Анын ачылышына Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров жана ишкананын директору Ли Шимин катышты.
Өндүрүштүк мекеменин курулушу 2023-жылы башталган. Анын кубаттуулугу жылына 15 миң тонна чийки мунайды кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү бар. Мында 31 жаңы жумуш орундары түзүлүп, заводко тартылган инвестициянын жалпы көлөмү 255 млн сомду түзөт. Жергиликтүү бийлик тарабынан ишканага 4 гектар жер аянты ажыратылып берилген.
Бүгүн Жалал-Абад облусунда төрт өндүрүштүк ишкана ачылды. Алар Сузактагы битум заводу, инвестициялык көлөмү 350 млн долларды түзгөн “Эти Бакыр Терек-Сай” ЖЧКсынын жаңы алтын ылгалоочу фабрикасы, Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын административдик имараты, ошондой “Камбар-Ата 1” ГЭСинин биринчи этабындагы узундугу 125 метрди түзгөн туннель пайдаланууга берилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Айыл чарбасын каржылоого 10 миңге жакын насыя берилди

29-августка карата “Айыл чарбасын каржылоо -12” долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 10 миңге жакын жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, анын ичинен өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 420 млн 305 миң сомго 1 миң 293 насыя берилди. Банктар боюнча алганда: […]

Сизге жагышы мүмкүн