Сузак округу боюнча талапкерлерди каттоо аяктады

Автор

Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Аталган округда 22-сентябрда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо өткөрүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Шайлоого катышуу ниетин 15 талапкер билдирген (12 эркек, 3 аял). Төрт талапкер шайлоого катышуудан баш тартты.
Эске салсак, аталган округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 22-сентябрга белгиленген. Бул аймактан депутат Тазабек Икрамовду Боршайком өзү жазган арыздын негизинде 19-июлда мандатынан ажыраткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: Кызыма кырк үйдөн тыюу

Кыргызда “кызга кырк үйдөн тыюу” деген сөз бар. Кыз баланы бойго жеткенге чейин татыктуу тарбиялоо, аны адептүүлүккө, тазалыкка жана тыкандыкка үйрөтүү ата-эненин милдети болуп келген. Начар тарбия алган кыз турмушка чыкканда ата-энесин гана эмес, бүт айылын уятка калтырган. 1. Бейжай баспайт. 2. Адептүү кыздар бейжай басып, өз билгенин кылган эмес. […]

Сизге жагышы мүмкүн