Сузактан ЖК депутаттыгына 9 талапкер катталды

Автор

№13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады. Депутат болуу үчүн 9 талапкер каттоодон өттү, алардын экөө аял.
Белгилей кетсек, кайра шайлоого катышууга 15 талапкер арыз беришкен, кийинчерээк 5 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан, ал эми бир талапкер катталган эмес.
Жакында БШК талапкерлердин бюллетендеги иретин аныктоо, бекер эфир убактысын жана басма сөз көлөмүн бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак жана депутаттыкка талапкерлердин ортосунда мырзалык келишимге кол коюуну өткөрөт.
Шайлоо 22-сентябрда өтөт, ал эми 2-сентябрдан тартып шайлоо өнөктүгү башталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Быйыл 1-класска өлкө боюнча 126,5 миң окуучу катталды

2024-жылдын 28-августуна карата балдарды мектепке кабыл алуунун бирдиктүү маалыматтык системасында 126 миң 578 бала катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, учурда балдардын эң көп саны – Ош облусунда 24 миң 459, Жалал-Абад облусунда 24 миң 80, Чүй облусунда 22 миң 107 бала, Бишкек шаарында 16 […]

Сизге жагышы мүмкүн