Сузактагы шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча алдыга ким чыкты?

Автор

Борбордук шайлоо комиссиясы 81 шайлоо участкасындагы автоматташтырылган эсептөө урналарынан (АЭУ) алынган маалымат боюнча, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын чыгарды.
АЭУнун маалыматтары алдын ала болуп эсептелет. Добуш берүүнүн акыркы натыйжалары жана шайлоонун жыйынтыгы учурда бардык шайлоо участкаларында жүргүзүлүп жаткан добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде аныкталат.
Алдын ала эсептөө боюнча добуштар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
Бейшенбек Бегматов 212 – 1,01%;
Алтынбек Кылычбаев 10174 – 48,32%;
Юлия Лилиенталь 749 – 3,56%;
Мелисбек Кошалиев 2435 – 11,56%;
Жыргалбек Сейдакматов 2493 – 11,84%;
Медербек Сапарбаев 3280 – 15,58%;
Асилбек Арапбаев 1351 – 6,42%;
Барына каршы 134 – 0,64%.

Бөлүшүү:
Next Post

Макрон: Евробиримдик тынчтык үчүн Россия менен мамилесин кайра карашы керек

Франциянын президенти Эммануэль Макрондун айтымында, келечекте Европа континентиндеги тынчтык үчүн Европа Биримдиги Россия менен болгон мамилелерин кайрадан карап чыгышы керек. “Бизге Европада тынчтыкты жаңы формада ойлонуу зарыл. Европанын географиялык чындыгын эске алуу керек. Ал Европалык Биримдик менен гана чектелбейт. Тактап айтканда, НАТО менен да чектелбейт. Биз Европанын жаңы формадагы уюштурулушу […]

Сизге жагышы мүмкүн