Сузактагы кайра шайлоо: Алтынбек Кылычбаев Жогорку Кеңешке депутат болду

Автор

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештеги бир мандаттуу №13 Сузак округу боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарып, Алтынбек Кылычбаев жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалды.
Ага ылайык, кезексиз шайлоодо мандат үчүн 15 талапкер катталган. Жарышка болсо 7 талапкер ат салышты.
Шайлоонун жыйынтыгы боюнча 10 миң 174 добуш алган Алтынбек Кылычбаев жеңүүчү болду. Андан кийин Медербек Сапарбаев 3280 (15.58%), Жыргалбек Сейдахматов 2 493 (11.84%), Мелисбек Кошалиев 2 435 (11.56%), Асилбек Арапбаев 1 351 (6.42%), Юлия Лилиенталь 749 (3.56%), Бейшенбек Бегматов 212 (1.01%) добуш алышты. 134 киши “баарына каршы” добуш берди.
Мөөнөтүнөн мурда болуп өткөн шайлоодо район боюнча 21 миң 57 шайлоочу же шайлоо тизмесине киргендердин 16,92 пайызы добуш берди.
47 жаштагы Алтынбек Кылычбаев “Жалал-Абад” санаториясынын директорунун орун басары. 2011-2012-жылдары Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде иштеген. 2015-жылы “Республика – Ата-Журт” партиясынан парламенттик шайлоого катышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Ташкент мектебиндеги окуя: Парламенттин өкүлү Россияны өз көйгөйлөрү менен алектенүүгө чакырды

Өзбекстандын парламент вице-спикери Алишер Кадиров Россияга «өз көйгөйлөрү менен алектенүүсү керек» деп билдирди. Ал Россия ТИМинин Ташкент мектебинде орус тили сабагында окуучунун ур-токмокко алынышы боюнча өтүнүчүнө ушинтип жооп кайтарды. «Өзбекстан Республикасынын мектебинде баланын укугу бузулган, Өзбекстандын жараны болгон балага карата чаралар Өзбекстан элинин атынан кабыл алынган мыйзамдардын негизинде көрүлөт! Биздин […]

Сизге жагышы мүмкүн