Судан бийлиги атып түшүрүлгөн Ил-76 учагынын өлкөсүн аныктоо үчүн комиссия түздү

Автор

Судандык “Ыкчам аракеттер күчтөрү” атып түшүрүлгөн Ил-76 учагынын кайсы мамлекетке тиешелүү экенин аныктоо үчүн комиссия түзүштү. Бул тууралуу ыкчам күчтөрдүн кол башчысынын кеңешчиси Аль-Баша Табик билдирди.
“Учакты идентификациялап, анын кайсы мамлекетке тиешелүү экенин жана анын ичинде кимдер болгонун аныктоо үчүн комиссия түзүлдү”,-деди Табик.
Жүк ташуучу учак 21-октябрда түнкү үчтөрдө Судандын түштүк аймактарынын үстүнөн учуп бара жатканда атып түшүрүлгөн. Учакта кимдер болгондугу жана анын кайсы мамлекетке таандык экени расмий түрдө белгисиз.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы сооданын көлөмү 600 млн долларга жетти

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы сооданын көлөмү өсүүдө. Өткөн жылы 694 миллион доллар болгон эки өлкөнүн орток соодасы быйылкы жылдын 9 айында 587,5 миллион долларга өстү. Өзбекстандын Кыргызстанга экспорту 403 миллион долларды түзсө, импорт 185 миллион долларга жетти. Эки өлкөнүн лидерлеринин өткөн июль айында Ташкентте болгон жолугушуусунда биргелешкен соода көлөмүнүн максаты […]

Сизге жагышы мүмкүн