Судандын борборундагы бардык мамлекеттик медициналык мекемелер өз ишин токтотту.
Дарыгерлердин айтымында, жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү улантып жаткан медициналык мекемелерде кычкылтек жабдыктары жетишсиз.
“Саламаттыкты сактоо тармагында болуп жаткан нерсе адамзатка каршы кылмыш”,-деген дарыгерлер гуманитардык кризистин жалгыз чечими согуштук аракеттерди токтотуу экенин баса белгилешти.
Судандагы кырдаал Эгемендик Кеңешти да жетектеген армиянын командири Абдель Фаттах аль-Бурхан менен бул органда анын орун басары болгон ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн башчысы Мохаммед Хамдан Дагалонун ортосундагы пикир келишпестиктерден улам курчуду.
Эки аскерий структуранын ортосундагы карама-каршылыктар Судандын бирдиктүү куралдуу күчтөрүн түзүүнүн мөөнөттөрү жана ыкмалары, ошондой эле армиянын башкы командачысы ким болушу керек деген маселеге байланыштуу.
Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, согуш башталгандан бери жүздөгөн адамдар набыт болду.