Судан армиясы менен Ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосундагы кагылышуулардан 270 киши набыт болуп, 2,6 миңден ашууну жарадар болгон. Бул тууралуу Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди.
Анын айтымында, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын үч кызматкери көз жумган. Медициналык мекемелердин иши кооптуу чөйрөдөн улам чектелүү болгондуктан, кызматкерлер менен тез жардам унааларынын жабыркагандарга жетүү кыйынга турууда.
ДССУ тарабынан медициналык мекемелерге өткөрүлүп берилген дары-дармектердин запасы түгөнгөн. Судандын борбору Хартумдагы ооруканалар адам өмүрүн сактап калуучу дарылардын жетишсиздигин билдиришти.
Судандын атайын күчтөрү менен армиянын ортосундагы жаңжал 15-апрелде башталган. Тараптар бири-бирин бөлүктөрдүн постторун аткылоо үчүн айыпташууда.