Студенттер Израил менен байланыштарды ачыкка чыгарууну талап кылышууда

Автор

Улуу Британиядагы Кембридж жана Оксфорд сыяктуу белгилүү университеттердин студенттери окуу жайларынын жанында чатыр лагерлерин куруп, кенен класстарда жашагандан көрө уктоочу баштыктарды тандашты.
Акциянын катышуучулары университеттердин жетекчилигинен Израил менен каржылык байланыштарды ачыкка чыгарууну талап кылышууда.
Митингдин катышуучуларынын бири ЮНИСЕФтин статистикасы боюнча Рафах шаарында 600 миң жашы жете элек өспүрүм ачкачылыкта жатканын билдирди. ” Улуу Британия Израилге аскердик жана финансылык жардам көрсөтүүдө. Бул жеткирүүлөрдү токтотуу үчүн олуттуу иш-аракеттер керек. Жаман деп эле айтуу жетишсиз»,-деди.
Студенттик жаштардын нааразылык акциялары бүт өлкөнү каптады. Лондон, Ньюкасл, Бристоль, Уорвик, Лидс жана башка көптөгөн шаарлардын студенттери ачык аянттарга чатыр лагерлерин куруп жатышат. Алар талаптары аткарылмайынча лагерден чыкпай турганын айтышууда. Кырдаал өлкө бийлигин тынчсыздандырууда. Британиянын премьер-министри Риши Сунак он жети окуу жайынын проректорун жыйынга чакырды. Ал университеттин жетекчилерине демонстранттардын жетегине баш ийбөөнү сунуштады.

Бөлүшүү:
Next Post

Түндөгү окуяда 29 жаран жабыркаган

Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, кечээ, 17-майдын түнүндөгү окуяларда тез жардам кызматына 29 адам кайрылган. Анын ичинен 15 адамды шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирип, калгандары жеринде медициналык кароодон өткөн. Азыр шаардык тез жардам ооруканасында баш мээнин жабык травмасы деген диагноз менен эки бейтап бар. Алардын абалы азырынча жакшы. […]

Сизге жагышы мүмкүн