“Медициналык академия менен КРСУнун студенттери практикага барганда окуу жайдын терезесин жууйт экен. Булар келечекте кандай дарыгерлер болот, айнек жууп жүрсө”. Мындай нааразычылыгын депутат Аида Изатбек кызы билдирди. “Сиз айтып жатасыз, ар бир окуу жайдын өзүнүн келишими бар деп. Элибизди дарылай тургандар эжекелерине прашки ташып, айнек жууп жүрсө, кандай болот”,- деди. Депутаттын суроосуна билим берүү министринин орун басары Расул Авазбек уулу жооп бере алган жок.