Бишкекте 3 жашар тестиер кызды стоматологиялык клиникалардын бирине тишин дарылатканы алып барып, бирок, кокустан көз жумган окуя боюнча саламаттык сактоо министрлиги териштирүү ишин баштады. Ал эми клиника убактылуу жабылып, соттук медициналык экспертиза дайындалды.
Белгилүү болгондой, 18-декабрда кыздын атасы тиш догдур менен сүйлөшүп, кызын клиникага алып барган. Дарыгер уктатуу үчүн укол сайгандан кийин кыз кайра көзүн ачкан эмес.