Столтенберг: Россиянын аймагына соккулар кызыл сызыктан өтүү эмес

Автор

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Украинанын Россиянын аймагына алыска атылуучу ракеталар менен сокку урууга чектөөлөрдү алып салуу мүмкүнчүлүгүн колдой турганын билдирди. Ал президент Владимир Путиндин мындай чечим НАТО өлкөлөрүнүн аскердик жаңжалга катышуусун билдирет деген сөздөрү менен макул болгон жок.
«НАТО боюнча союздаштар Россиянын аймагындагы мыйзамдуу буталарга каршы курал колдонууга уруксат беришсе, бул алардын жаңжал тараптары болуп калышы туура эмес. Түндүк Корея жана Иран Россияга ракеталар жана дрондорду жеткирип, чоң аскердик колдоо көрсөтүүдө. Бирок, алар түз жаңжалга аралашкан жок»,-деди Йенс Столтенберг The Times басылмасына берген маегинде.
Йенс Столтенбергдин айтымында, Владимир Путин буга чейин бир нече жолу «кызыл сызыктар» тууралуу жарыялаган, бирок эскалацияга барган эмес. «Ал эскалацияга барган жок, башкача айтканда, НАТО боюнча союздаштарды түздөн-түз жаңжалга аралаштырган жок. Ал бул кадамга барган жок, анткени ал НАТО дүйнөдөгү эң күчтүү аскердик альянс экенин түшүнөт. Ошондой эле ал өзөктүк согушта жеңүүчүлөр болбой турганын түшүнөт»,-деп кошумчалады НАТОнун башкы катчысы.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда жер тилкелердин кызыл китеби жоюлабы?

Кыргызстанда жер тилкелердин кызыл жана жашыл китептерин жоюу пландалууда. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Асылбек Сатыбалдиев ЖК комитетинде билдирди. Ал жер ээлигин таанытуучу мындай китептерди жасалмалоо көбөйүп кеткенин белгилеп, анын ордуна кадастр планын киргизүү зарылчылыгын белгиледи. Муну менен жер сатууга байланышкан коррупцияны жоюуга […]

Сизге жагышы мүмкүн