Стамбулдун жээгинен мина табылды

Автор

Стамбулдун Агва маягынын аймагында деңиз минасы табылды. Кооптуу нерсени күбөлөр байкап, окуя болгон жерге сапёрлорду чакырышкан.
Адистер бул жарылуучу түзүлүш экенин тастыкташты. Кырсыкка байланыштуу жээктер жана жакынкы аймак убактылуу жабылды. Минаны зыянсыздандыруу жүргүзүлүп жатат.
29-июнда ушуга окшош мина Эрегли шаарында, жээктен 60 метр аралыкта табылган. Ал учурда дагы бийлик жээктерди 20 саатка жаап, зыянсыздандыруу иштерин жүргүзгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Мамлекеттик кызматта таза иштегендер сыйланышат

Эми ким таза иштесе, ага Исхак Раззаков атындагы сыйлык ыйгарылат. Төш белги сол көкүрөккө Манас орденинен кийин тагылат. Депутаттар Миргүл Темирбаева менен Шайырбек Ташиевдин сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Мыйзамда мамлекеттик кызматта таза иштегендерди Исхак Раззаков ордени менен сыйлоо жөнүндө маселе каралган. Документте мамлекеттик жана муниципалдык кызматта ак ниет, […]

Сизге жагышы мүмкүн