Мындай окуя кечээ Стамбулда болду. Бир нече мектептен куулган ирактык 17 жаштагы бала директорду 5 ирет аткандан кийин социалдык баракчасына “кегимди алдым” деп жазган.
Анын мурда да кылмыш жоопкерчилигине тартылганы белгилүү болду. Ал эми бүгүн Стамбулдагы мугалимдер нааразычылык акциясына чыгышып, окуяга бийликтин көңүлүн бурушту. Анда айтылгандай, Түркияда мугалимдер кордолуп, окуучу же, алардын ата-энелери тарабынан ыдык көрүп келишет.
Орусиядагы мигранттардын саны эки эсеге азайды
Ише Май 11 , 2024
Орусиядагы мигранттардын саны эки эсеге азайды деп маалымдады жарандарды ишке орноштуруу борборунун адиси Эсенбек Эргешов. Ага рублдин төмөндөшү, террактык окуялар жана саясий окуялар себеп болгон. Учурда мигранттар Англия тарапка агылууда. Февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Орусияда 408 миңден ашуун Кыргызстандык эмгектенип жатканын билдирсе, бул көрсөткүч күн сайын төмөндөөдө. […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2024/05/2018-10-26_21-41-03_363047.jpg)