Стамбулдагы шайлоодо жеңишти Экрем Имам уулу камсыздады. Ал шайлоочулардын 51.02 пайыздан жогорку добушун алды. 2019-жылдын 31-мартындагы шайлоодо 48.80 пайыз добуш алып, Стамбулда жеңишке жетишкен эле. Бирок, БШК анын жеңишин жараксыз деп таап, кайрадан шайлоо дайындаган. 23-июндагы экинчи жолку шайлоодо 54,21 добуш менен оппонентин жеңилүүгө учураткан. Ал эми Анкаранын мэри Мансур Явашты шайлоочулардын 60.25 пайызы колдоду. АК партиядан аттанган Тургут Алтынок 31.80 пайызда калды. Экрем Имам уулунун оппоненти Мурат Курум болсо, 39.65 пайыз менен жеңилүү ызаасын тартты.