Стамбулдагы ири өрттөн 29 адам көз жумду

Автор

Стамбулда 16 кабаттуу турак жайдан өрт чыкты. Учурда 29 адам көз жумганы белгилүү. Азыр укук коргоо кызматкерлери окуянын себептерин иликтеп жатышат.
Стамбулдун Бешикташ районунда 16 кабаттуу үйдүн эки биринчи кабатында жайгашкан түнкү клубдун имараты күйүп кетти. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр, тез жардам кызматкерлери жана полиция кызматкерлери жөнөтүлгөн. Бул жерге Стамбулдун губернатору Давут Гүл да келди.
Өрттүн кесепетинен 29 адам каза болуп, бир жабырлануучу ооруканага жаткырылды.
Ички иштер министри Али Йерликая Стамбулдагы өрт боюнча иликтөө иштери башталганын билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча Эл аралык мелдеш 18-22-апрель күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан, Россия, Иран жана Таиланддан 130дан ашык спортчу […]

Сизге жагышы мүмкүн