Бүгүн, 5-апрелде спорт күнүнө карата Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Марлен Маматалиев жана Таалайбек Масабиров Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында окуу жайдын студенттери жана жамааты менен жолугушуп жатышат. Академияга белгилүү илимпоз, медицина илимдеринин доктору Бейшен Турусбековдун аты ыйгарылган. Депутаттар сөз сүйлөшүп, акыл-эстүү муундуу тарбиялоодо спорт чөйрөсүнүн өзгөчө ордун белгилешти.