Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов “кыргыз чиновниктери канча сомго түштөнөт?” – деп сурады эле, экономика министринин орун басары Улан Даникеев 250 сомго деп жооп берди. Депутат кайра “спортчулардын күнүмдүк тамагына канча сом төлөнөт?” – деп сурады. Министрдин орун басары 109 сом деп жооп берип, маселенин оорчундуу экенин айтты. Бир маал курсак тойгузууга 35 сом коротуу мүмкүн эмес экенин моюндады.